www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда мотоцикл коюп кеткен киши моргдо муздаткычта жети саат жаткандан соң "тирилип" кеткен. Бул туурасында IANS агенттигини шилтеме берип РИА Новости жазган.

40 жаштагы электрик Шрикеш Кумарды бейшемби күнү Морадабад шаарында мотоцикл коюп кетип, ооруканага жеткиришкен. Райондук дарыгерлер аны карап чыгып, өлдү деген тейде эртеси күнү өлүкканадагы муздаткычка салышкан.

Жети саат өткөндөн кийин туугандары анын Шрикеш Кумар экенин таанып, өлгөн себебин билиш үчүн ичип союп, органдарын текшерүүгө уруксат беришкен. Бирок анын сүйлөшкөн кызы жабырлануучунун дем алып жатканын байкап, медиктерге билдирген.

"Тез жардамдын кызматкери бейтапты түнкү саат үчтө карап, жүрөгү сокпой калгандыгын билдирген. Кумарды бир нече ирет карап текшергенден кийин өлүкканага жеткирүүнү айткан. Бирок эртең менен полиция жана анын туугандары жабырланган кишинин тирүү экенин байкашкан. Бул окуядан кийин иликтөө жүргүзүү тапшырылган. Азыр биздин башкы ишибиз Кумардын өмүрүн сактап калуу", — деген Морадабад ооруканасынын доктору Шив Сингх.

Учурда бейтапты Мират шаарындагы медициналык борбордо дарылап жатышат. Азыр абалы кадыресе жакшы болуп калгандыгын билдиришкен. Сүйлөшкөн кызынын айтымында, эсине толук келе элек. Ал дарыгерлердин мындай шалаакылыгын жөн калтырбай, тиешелүү жакка арыз жазышарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости