www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызганчаак аялдын айласын кантип табыш керек

Психолог Александр Колмановский аялы кызганчаак эркектин жашоосу канчалык татаал болору тууралуу РИА Новости агенттигине айтып берди.

Адистин пикиринде, кандай гана кызганыч болбосун анын негизги себеби адамдын өзүнө ишенбөөчүлүгү.

"Андыктан жубайы кызганчаак эркектер каршылык көрсөтүп, чатак чыгаргандын ордуна келинчегине күч-кубат берип, өзүнө ишенимин бекемдөөгө жардам бериши керек. Анткен менен кызганчаак аял күйөөсүнө жаратчу бир нече коркунучтар бар.

Эркек жубайынын көңүлүн табам деп жүрүп калпты көп айтып калышы мүмкүн. Мындай учурда эркек эптеп чыр чыкпай, кулак-мээ тынч болсо экен деп көп нерсеге даяр болуп калат. Өз кызыкчылыгын таптакыр унутуп коёт", — дейт Колмановский.

Ошондой эле адис кызганчаак аялдын күйөөсү көпчүлүк учурда чүнчүп, түнт болуп кетерин кошумчалады.

Андыктан психолог түгөйүнүн ашыкча кызганчаак экенин байкаган адамдарга адистерге кайрылып, психологиялык терапиядан бирге өтүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости