www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Байден менен  Путин Женевадан жолугат

АКШ президенти Джо Байден шейшемби күнү түштөн кийин Женевага келип түштү. Ал 16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Дүйнөлүк басма сөз Байдендин Европага сапарына, айрыкча Женевада өтө турган Путин менен жолугушуусуна кылдат көңүл бурууда. Буга чейин Джо Байден Улуу Британияда «Чоң жетинин» жыйынында болуп, ханыша Елизавета II менен кезикти. Брюссселде НАТОнун саммити менен АКШ-Евробиримдик жыйынына катышты.

Орус тарап Байден менен Путиндин жолугушуусунда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын маселеси козголорун күтүп жатканы белгилүү болду.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков шейшембиде журналисттерге билдиргендей, бул багытта америкалык тараптан абдан көп белги түшкөн.

Ошол эле кезде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушууда Навальный маселеси талкууланбай турганын белгилеп, "абакта отургандыктан, ал адам тууралуу сүйлөшүү болбойт" деп айтты.

Эки тарап тең Орусия менен АКШнын түрмөлөрүндө отурган камактагылардын тагдыры тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Байден буга чейин Путин менен жолугушууда АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн бирдиктүү турумун көрсөтө турганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын президенттери бүгүн, 16-июнда Женевада жолугат.

Кездешүү америкалык-орусиялык мамиле курчуп, чыңалып турган учурда өткөнү жатат.

Последние новости