www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык бир катар көз карандысыз юристтердин жана укук коргоочулар, жарандык активисттердин кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча КР Президентинин админстрациясы үн катты.

Анда: «Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат.

Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.

Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн», — деп айтылат.

Ошондой эле чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн деп кошумчалаган президенттин админстрациясы.

Белгилей кетсек, буга чейин Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргызстандын калкына каршы аскердик кылмыштарды кылганы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү боюнча кайрылуусун (communication) кечээ, 14-июнда каттаган. Каттоо жөнүндө тастыктоочу кат алганын Сания Токтогазиева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости