www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинин иши менен таанышып жатып "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун эмгек жамааты менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ишкана туруктуу негизде иштей тургандыгын белгилеп, компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.

Садыр Жапаров алтын кендин ата мекендик экономикадагы өзгөчө ордуна токтолуп, убактылуу тышкы башкарууну киргизүү менен Кумтөр кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын айтты.

Ошондой эле ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө мерчемделип жаткан социалдык-экономикалык реформалар, тышкы саясаттагы актуалдуу багыттар жана пландар жөнүндө айтып, акыркы чет элдик иш сапарларынын натыйжалары тууралуу учкай кеп кылды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык суроолорго жооп берип, өз кезегинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров кен эми толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштагандыгы үчүн компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана болгон күч-аракетин жумшап иштөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости