www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-сентябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин кароону улантты.
Сот тараптардын жарыш сөзүнө өтүп, мамлекеттик айыптоочу, прокурор Жеңишбек Нуралиев кылмыш ишинин материалдарын окуп берди.
Тергөө органдарынын маалыматтары боюнча, Д.Зилалиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-пунктунун 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Зилалиев 2011-жылдын 9-декабрынан 2013-жылдын 25-июлуна чейин Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары; 2013-жылдын 25-июлунан тартып 2017-жылдын 26-августуна чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; 2017-жылдын 26-августунан 23-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр; 2017-жылдын 23-ноябранын 21-декабрга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болгон.
“Расмий кызмат ордун ээлеп, өзүмчүл максаттарды көздөп, активдерди ири өлчөмдө мыйзамсыз көбөйтүүгө багытталган атайылап аракеттерди жасаган” – деп билдирди мамлекеттик айыптоочу.
Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.
Булак: NazarNews.kg