www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекте 6,1 миң үйдүн электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 4-ноябрдан тарта, Бишкекте 6,1 миң абонент электр кубатын пайдаланганы үчүн акчасын өз учурунда төлөбөгөндүктөн аралыктан өчүрүлүп баштайт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан билдирди.

Компания абоненттердин жалпы карызы 11,2 миллион сомдон ашып кеткенин кабарлады. "Түндүк электр" элге кайрылып, карызын узартпай төлөп турууга чакырды.

Элдин ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, компаниянын сайтындагы "Абоненттин балансы" деп аталган бөлүм күнү-түнү иштейт. Ал жерден абоненттер эсеп-кысабын билип алса болот. Буга кошумча, аталган компаниянын телефон чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен маалымат берет.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу төлөсө болот. Андан сырткары "РСК Банк", "Керемет Банк", "ДосКредоБанк", "Бакай Банк", "Кыргызстан", "Халык Банк", КICВ жана "Оптима Банктын" кассалары да кабыл алат. Эгер кааласаңыз "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости