www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына активист Өндүрүш Токтонасыров нааразычылык акциясына чыкты. Ал колуна «Кымбатчылык кыйнады» деген жазуусу бар плакат, бош чака жана табак көтөрүп чыккан.

Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү кымбатчылык боюнча Президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

«Эл кымбатчылыктан кыйналып бүттү. Пенсия көтөрүлөт деди бирок, мен 3000 сом алсам үстүнө көбөйтүп кошкону 200 сом. Бул эмнеге жетет? Азыр тамак-ашсыз отурган пенсионерлер канча?! Президент Жапаров бардык нерсеге жоопкерчилик алам дегенден кийин тыкыр көзөмөл кылышы керек.

Бардык нерсени кымбаттатуудан мурда карапайым элдин жашоосун бир ойлоп анан иш кылгандары оң. Кабинетте отуруп алып кайдагы жомокту айтканды токтоткула», - деди активист Токтонасыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости