www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекте автожуучу жайда өрт чыкты

Бишкекте Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги автожуучу жайда өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда өрттү өчүрүү үчүн беш бригада иштеп жатат.

Бүгүн саат 14.52 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барганы айтылат.

Ошондой эле ИИМ кызматкерлери жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

Өрттөн эмнеден чыкканы жана жабыр тарткандар боюнча маалыматтар тактала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости