www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу сот отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, акыркы жолу соттук жараян 8-июнда өтүп, анда Сыдымановго карата психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынган. Процесс анын жыйынтыгы чыккандан кийин улантылары айтылган.
Ошондой эле Сыдыманов буга чейин өзүнүн социалдык баракчасында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Инстаграм баракчасына кат аркылуу кайрылып, жардам сураган болчу.
Эске салсак, «Инстаграмда» Sydyman каймана аты менен таанымал. Ал ушул жылдын февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда кээ бир облусттардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, жаман сөздөрдү айткан. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. Сыдыманов 18-февралда камакка алынып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg