www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясы аркылуу калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча ишти жандандырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, аймактык мамлекеттик органдардын адистеринен түзүлгөн мобилдик топтор 12–ноябрдан баштап Чүй облусунун жана 13-ноябрынан баштап Ош обласунун калктуу конуштарына барышат.
Бир күндүн ичинде “Тилектештик автобусу” эки калктуу конушту камтыйт. Адистер менен болгон калктын жолугушуулары өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу баардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен айыл өкмөтүнүн базасында жүргүзүлөт.
Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик, жер укуктары боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын ж. б. укуктук маселелери боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.
Чүй облусу боюнча “Тилектештик автобусу” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ru/content/1470
Ош облусу боюнча “Тилектештик автобусу” чыгуу графиги менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышса болот: http://minjust.gov.kg/ru/content/1471.
Эске салсак, буга чейин Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан БУУӨПдун “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында “Nissan Urvan” маркасындагы эки кичи автобус Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.
Булак: NazarNews.kg