www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-октябрда саат 13.00 Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин коомдук саясий, мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата илимий конференциясы  өткөрүлөт жана  “Алтынды дат баспайт”: “Великий сын своего народа” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери Исхак Раззаков Москвадагы пландоо институтун бүтүрүп келгенден кийин Өзбекстандагы Фергана областынын обл. планынын төрагасы, Өзбек ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы, Өзбекстан КП БКнын пропаганда агитация боюнча секретары болуп иштөө менен Өзбек Республикасынын көптөгөн эл чарба тармактарынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон.

1945-жылы ВКП БКнын чечими боюнча И. Раззаков Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп дайындалат. 1950-жылы ал Кыргызстанда иштеген 16 жылдын ичинде республиканын экономикасынын, маданиятынын өнүгүшүнө, социалдык экономикалык жактан өсүү проблемаларын иштеп чыккан. Бул жылдардын ичинде республиканын индустриялык потенциалы өсүп, Фрунзе атындагы ири айыл чарба машина куруу заводу, текстил, бут кийим, тамак-аш, кийим тигүү, сейрек кездешүүчү жана түстүү металлдардын ж.б. өнөр жайдын өнүгүшү кулач жайган. 1953-жылы Фрунзе Фрунзе-Ош автомагистралы курула баштаган.

И. Раззаков республикадагы маданий курулушка зор көңүл буруп, анын колдоосу менен Ош педагогикалык институту, кыз-келиндер педагогикалык институту, Фрунзе политехникалык институту, Пржевальскидеги педагогикалык институту, Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Дене тарбия институту, Кыргыз Мамлекеттик Университети, ошондой эле илимий мекемелердин көп тармактары ачылып жана газета-журналдар негизделген.

И. Раззаков КПССтин 19, 20, 21-съезддеринин делегаты, СССР Жогорку Советинин 2-5-чакырылыштарынын депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана   Өзбек ССРинин жергиликтүү Советтеринин депутаты болуп шайланган.

Төрт Ленин ордени,  Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз, Ата Мекендик согуштун I баскычы ордени жана «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 2016-жылы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылган.

И. Раззаковдун 110 жылдыгына арналган көргөзмө 3 бөлүктөн турат:

– “Улут сыймыгы”;

– “Элине өтөгөн эмгек”;

– Эскерүүлөр”.

Көргөзмөгө И. Раззаков жөнүндөгү китептер, газета-журналдык макалалар, фотодокументтер жайгаштырылды.

Иш чарага коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости