www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-октябрда дүйнөнү экиге бөлгөн мадриддик "Реал" менен каталондук "Барселона" клубунун беттеши болуп өттү. Беттеш Испания чемпиондугунун алкагында (Ла Лигасы) Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда орун алды.

Оюндун биринчи бөлүгү бирдей ыргакта орун алып, эки команда тең бири-бирине арты-артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун 5-мүнөтүндө "Реалдын" уругвайлык жарым коргоочусу Федерико Вальверде эсеп санын ачса, көп өтпөй эле "Барселонанын" жаш чабуулчусу Ансу Фати эсеп санын теңеди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө мадриддик команда топко көбүрөөк ээлик кылып, кооптуу чабуулдарды уюштуруп жатты. Оюндун 63-мүнөтүндө "Реалдын" капитаны Серхио Рамос пенальтиден эсеп санын өзгөртсө, 90-мүнөттө "Реалдын" хорватиялык жарым коргоочусу Лука Модрич эсеп санын 3:1ге айлантты.

Муну менен "Реал" клубу Ла Лигада 13 упайы менен биринчи орунга чыкса, "Барселона" клубу 7 упайы менен 10-орунда келе жатат.

"Барселона" - "Реал Мадрид" (1:3);

Голдор: Федерико Вальверде (5-мүнөттө), Ансу Фати (8-мүнөттө), Серхио Рамос (63-мүнөттө), Лука Модрич (90-мүнөттө).  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости