ВИДЕО - Бүгүн Москвадан 400дөй кыргыз жараны Бишкекке алып келинди
Коом  |   |  1434

Бүгүн, 29-мартта, Москвадан чартердик рейс менен Кыргызстандын 398 жараны Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, келгендердин баарын аэропорттон үч күндүк карантинге жаткыруу үчүн алып кетишкен. Бул аралыкта алгачкы анализдери таза чыкса 14 күндүк үй карантинине жиберилет.

Эске сала кетсек, кыргызстандыктар 24-марттан бери мекенине келе албай, Шереметьево аэропортунда кармалып турушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями