www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Аида Салянова Баш прокурор болуп турганда кызматынан кыянаттык абалда пайдаланып, саясый буйрукту кынтыксыз аткарган жоруктарынын кесепетинен Нариман Түлеевдин очогу балдарынын уясына кол салуу кайрадан башталды.

Дегенибиз, бизге жеткен маалыматтарга караганда бүгүн, 11-июлда Нариман Түлеевдин Манас айылы тараптагы үйү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өтөт. Жакынкы убакыттарда кеңири маалымат берилет.

Эсиңиздерге сала кетсек, ушул жылы 25-апрелде мурдагы депутат Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплексин жана "Сапат" бизнес борборун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына, "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын балансына өттүп кеткен эле.

Кызыгы өткөн бийлик бирөөндүн байлыгын тартып, мамлекеттин казынасына ач карышкырдай кол салганына таң калбай коё албайсың. "Бирөөдүн ырыскысы бирөөгө оокат болбойт", деген кыргызда кеп бар. Эмне дейбиз, "тигилер" деле жаман болсо дагы аман болсун. Кайтар дүйнө деген бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости