www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн өзгөр, эртеңкини күтпө!

Убакыт зыпылдап өткөн сайын өмүр чиркин кертилип кетип барат.  Бирок, өмүрдүн кереметин сезүү үчүн жашаган мамлекетиңде туруктуулук, сабырдуулук, анан албетте чындык орношу шарт. Абийирди тепселеген жаман сапаттар аралап кетсе өлкөбүз эч убакта оңолуу жолуна түшпөйт. Айрыкча элдин добушу менен шайланган ажо, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү  акактай таза болмоюнча арамды адалга айландыруу мүмкүн эмес. Анткени  балит иштерге кокосунан малынган чиновниктердин жорук-жосундары акыр-чикир төккөн жайларга да батпай калганы аныкталды.  Ошондон улам барган сайын бийликке болгон карапайым элдин ишеничи жоголуп баратат.  Бул абдан кооптуу.

Ал үчүн эмне кылуу керек? Оболу ар бирибиз өзүбүзгө карата реалдуу баа беришибиз кажет. Деги кимибиз качан күзгүнүн алдына келип түз каранып, мен мамлекетке кандай салым коштум деп олуттуу маани бердик эле? Тескерисинче эл өкүлү, өкмөттүн тың чыкмалары бүгүн кайсы жерге конокко чакырып, казы-карта чайнатаар экен  деген ой менен алпурушуп, болгону галстугун оңдоп коюп жолуна түшөт.  Эптеп эле суук көзгө илинбей, жаман сөздөн  алыс болсом экен деген ниет менен ишин улантууга аракети  зор.  Өзүмчүлдөрдүн кучагында калганыбыз үчүн кыпындай жылышты жасай албай артка карай кетип бараткан кезибиз.

Ооба, акылы курч, ой-жүгүртүүсү учурга шайкеш келген, жеп-ичкенди биле элек, оозунда кеби бар, дымагы балээдей мекендештерибиз жок эмес, бар. Муну танууга болбойт. Тилекке каршы аларды бийликтин мунарасынан көрүшүбүз оорчулук кылат. Себеби, өзүнөн мыктыларды бийлик башындагылар жанына жолоткусу келбейт, кызматка жакындатышпайт. Өзүн эмес, мекенин алдыңкы орунга койгон, батыл, чечкиндүү кадрларды бийик бийлик бутактарына алып келиш үчүн коомчулук активдүү болушу шарт.

Ансыз тебелеп-тепсеп өзүм билемдик кылууга көнгөн бийлик өкүлдөрү  бизди тоотпойт.  Ошондуктан келгиле, эртеңкини күтпөй бүгүн өзгөрүүгө умтулалы, журт башчылардан иш билги кадрларды алып келишин талап кылалы.  Антпесек түрткүнчөк иретинде  жашоонун арабасында калып кете  беребиз. Тумчуккан абалдан чыгыш үчүн мекенчил сезимге карк болуп,  иштиктүү кадамдарды жасоо мезгилдин өктөм ишаараты. Эптеп эле күн өтсө болду деген сезимдерди ноктолоого убакыт келди. Уйкудан ойгонууга, терең ойлонууга, бакан ооздордун жетегинде жүрө берүүдөн бошонууга, батыл чечимдерди кыймыл-аракетке келтирүүгө  биз өзүбүз бекем турбасак болбойт, мекендештер!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости