www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттарынын КТРКнын Байкоочу кеңешине бир талапкерди шайлоо маселеси жалпы бийликтин аброюна урулган катуу сокку болуп, тарыхта кара так менен кала турган болду окшойт.
Депутаттар түшкө чейин Чынара Капарованы шайлап жиберишип, түштөн кийин бийликтин көрсөтмөсү менен “Алтын үрөн” деген чарбанын ана башчысы, КТРКнын “К” тамгасын деле түшүнбөгөн Атыркүл Сарыбаева дегенди шайлашты. Бийликке ошончо керек “фигура” болсо, аны “грамотна” шайлашпайпы десең. Негизи анча-мынча иттердин деңгээли, акыл парасаты депутаттардыкынан жогору десек болчудай.
Кыскасы, дердеңдеген депутаттар ит барбаган пастыкка барышты. КТРКнын Байкоочу кеңешинин “дүжүр чалы” Жыпар Жекшеев баласындай болгон депутаттардан сын угуп, абийири төгүлдү. Ал ортодо Сарыбаеваны Жекшеев таап келиптир, экөөнүн жакын ымаласы бар экен деген кеп кетти. Карыганда, шүгүр кылып ушундай жаман сөздөрдү ээрчитпей, коомчулукка жек көрүнбөй, небересин эркелетип эле үйдө олтурса…
Булак: "Багыт"