www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Каттаниге” акыры устукан тартылды

Былтыртан бери эле бош жүргөн Өмүрбек Суваналиевди бирде туруп министрликке, айрым учурда губернаторлукка кудалап жиберишкен кездер болгон. Антсе да ушул каңшаарлардын чындыгына эми жеттик.

Ажонун буйругунун негизинде генерал КР коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына кызматка коюлду. Кыйладан бери көкүрөгүндө уюган букту эми кантип чыгарарын анын жасаган кадамдарынан билерибиз айкын.

Ошентсе да кеткендердин артынан түшпөй, болуп жаткан учурдагы былык иштерге көңүлүн багыттаса оң пикирлер айтылаарында шек жок. Топтолгон бай тажрыйбаны зарыл маселелерди чечүүгө керектесе эле иши тарс эте көрүнүп калат. Эл деген баарын таразага салып турат, демек кызматтан ашыкча пайдаланууну көздөбөшү кажет.

Эски ыкмалардан, кекчил болуудан оолак болуу зарылдыгы бар экенин да генералдын эсине сала кетели…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости