www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, акыркы кездерде борбор шаарыбызда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп, эски үйлөрдүн ордун заңгыраган көп этаждуу үйлөр толуктап өсүп жатканы жакшы жышаан. Бирок, ушунча көп салынган бийик үйлөргө эски үйлөргө ылайыкташтырылып жасалган каналицазиялар, суу түтүктөрү, свет тармагы, авто машиналар жүрө турган жолдор туруштук береби маселе мына ушунда.
Шаардын архитектурасы ушулардын баарын ойлонуштуруп анан бийик тамарды салганга уруксаат берди болду бекен?
Айталы дегенибиз, бизде дайыма салынып калган соң гана жер туура эмес берилген, үй туура эмес салынган деп, кыштын кыраан чилдесинде үйлөрдү сүздүрүп калган адат кайталанып эле келе жатпайбы.
Дегенибиз, кийин убара керчилик болбойбу, жаңыча иш кылганга мезгил келди деген гана ой.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg