www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалган.

Президент Садыр Жапаров кызматка киришкенден кийин алгачкы чет элдик иш сапарын Москвага жасады. Андан кийин Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Алдыда Түркияга барары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости