www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Надира Нарматова, V-чакырылыштын депутаттарына каттуу сын-пикир айтып, мамлекетти жок болуу коркунучунда турат деп билдирүү таратты.

--Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары! Эсиңерге келгиле! Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар(НПО)лор жаштардын моралдык психологиялык көз карашын талкалап бүтмөй болушту! Региондорго б.а. экинчи борбор Ошко чейин жетишти. Бул жолкуда негизги уюштургуч КӨЗҮРЛӨР- уюштуруп коюп, өздөрү көмүскөдө, артта туруп жаштарды чыгарып, тамаша кылып турушканы алардын мамлекеттин ичинде жасаган аракеттеринин түшүмү деп билгиле депутаттар! Силер оозуңарды ачып, көлөкөңөрдөн коркуп отура бергиле! Бул эмне деген кайдыгерлик! Силерге кыргыздын улуттук менталитети, таза тарыхы, улуттук баалуулугу, кыргыздын ар намысы керекпи же сырттан “грант, кредит албай калабыз"- деген максат, көрсөтмө керекпи! Кредит, грант албай, кыргыздын экологиялык таза абасын жутуп, суусун ичип, чөптөрүнүн тамырын жеп да өлбөй жашап, өнүгүп кетишибиз мүмкүн. Батыштын идеологиясын сиңдирген бузукулардын, кыргыздын душмандарынын - жаштарды, коомду булгаган аракетинен, белибизди көтөрө албай, улуттук баалуулуктарыбызды талкалатып, эксперимент өткөрүүчү полигонго айланаарыбыз анык.

Бир жактан НПОлор, бир жактан даватчылар 30 жылда улуттук, мамлекеттик идеологиянын бош калган вакумду ээлеп алышты. Сүрөттөгү, жүрүштөгү жаштарды карабайсыңарбы!

Мамлекеттин келечеги силерди ойлондурабы! Кайдыгерликтин,жоопкерсиздиктин чеги болуш керек! Эл өкүлү болуп олтурасыңарбы, элдин каалоосун, талабын, муктаждыгын аткаргыла! Жогорку Кеңештин колунда турган даяр "Батыштан каржыланган бейөкмөт (НПО)уюмдар жөнүндө"- даяр мыйзамды үчүнчү окуудан тез арада кабыл алгыла!

Мамлекетке темирдей тартип керек! Мыйзам менен көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк түзгүп бергиле! Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, нарк насилин, адеп ахлагын тебелетип, кантип жүрөгүңөр чыдап олтурасыңар! Өзгөчө айым депутаттар! Эмнеге башыңарды кумга тыгып, оозуңарга талкан салып олтурасыңар! Же силерге ушундай акыбал жагып жатабы!?

Ойготкула мырза депутаттарды! Күн тартибине мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда киргизип, колдоп, кабыл алгыла! Элдин талабы! Мамлекеттин келечеги саясый-экономикалык, социалдык жактан эле кризиске капталбастан, руханый жактан талкаланып бүтмөй болду! Кеч боло электе темирдей тартип киргизүү, көзөмөл жүргүзүү үчүн коомчулуктун элдин талабын аткаргыла! Мамлекеттин тагдыры коркунучта!

Руханый азыка муктаж болуп турат! Кайдыгерликти, көлөкөңөрдөн коркконду токтоткула!

2015-2016-жылдары Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды кабыл алып, "Чет өлкөлүк агент"-деген макамды киргизип койгонуңарда артка кайтарып, каршы добуш бербей, колдоп, кабыл алып койгонуңарда ушул акыбал жок эле. Даяр мыйзамдарды кабыл албай, алсыздыгыңарды, чечкинсиздигиңерди көрсөтүп, өзүңөрдүн Конституциялык жоопкерчилигиңерди аткарбагандыгыңар үчүн улуттук, мамлекеттик идеологияга маани бербегендигиңер үчүн, мамлекеттин эртеңки келечегине кайдыгер мамиле жасаганыңар үчүн ТАРЫХ АЛДЫНДА СЕБЕПЧИ БОЛУП КАЛААРЫҢАРДЫ УНУТПАГЫЛА!

Жылаңачтар, гейлер, ЛГБТлар ушинтип баш көтөрмөк эмес. Түрдүү сырттан каржыланган ДИНИЙ АГЫМДАРдын сабатсыз даватчылары, терс көрүнүштөрдү жайылтмак эмес.

Бул багытта акыркы 4,5 жылда силердин мезгилиңерде ЖКтин алтынчы чакырылышынын депуттары болуп көрбөгөндөй күч алды. Мыйзам менен гана иретке келинет.

Булар пандемиядан да коркунучтуу вирус. Пандемиядан айыксаң болот. Булар кыргыздын менталитетин, генефонун, мамлекеттин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн талкалоону көздөп жатышат. Каныңа, көз карашка, аң сезимге сиңдирүүгө аракет жасап, батыштын идеологиясы менен жаштарды уулап жаткандыгына кайдыгер болбогула депутаттар! Тарыхта бир жакшы иш жасап кеткиле. Ойлонгула! Чечкиле! Милдетиңерди аткаргыла! Укугуңарды колдонгула!

Мыйзамды кабыл алгыла! Кайдыгерликти токтоткула! Тарыхтын алдында жоопкерчилигиңерди сезгиле депутаттар!- деди мурдагы депутат Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости