www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматык саясат бөлүмү билдирет.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.
Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.
Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
— Жалал-Абад облусу:
Чаткал райондук соту:
Шарипбай уулу Керимбек;
— Чүй облусу:
Чүй облустук соту:
Койлубаев Алмаз Абдракунович;
Умуркулов Таалайбек Асканович;
— Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
Аккозуев Талант Ниязакунович;
Есекеев Керезбек Суеркулович;
Илиязова Назгүл Асанбековна;
Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;
Момуналиев Адис Жолдошбекович;
Чериков Нурлан Кийикбаевич;
Эсеналиев Нурбек Канатбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg