www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, аларды жоопко тартуу керек". Мындай пикирди мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасына видео аркылуу билдирди. 

Айтымында, репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү керек.

"Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргыз өлкөсүнө жасалган агрессияга байланыштуу баардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргыз өлкөсүндөгү эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жооп чакырууга жардам берет. Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартып, компенсациялык айып төлөтүш керек", - деп билдирген Айдарбеков.

Ошондой эле ал Тажикстандын XXI кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү аракети цивилизациялуу эмес экендигин билдирген. Мындан улам ал акылдын күчү жана коомдун биримдиги орой мамилеге караганда алда канча күчтүү экендигин кошумчалаган.

"Белгилеп кетиш керек, бул жалпы тажик элинин агрессиясы эмес, бул Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, кыянаттыгы - алар жоопко тартылышы керек", - деп билдирген экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости