www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 14-июнда саат 14:00дө Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат. УКМК тергеген ишти райондук сот 5-июнда карап баштаган.
Эскерте кетсек, «Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жараны Маевскийден ири суммада пара алган» деген шек менен 26-февралда кармалып, көп өтпөй ушул эле ишке байланыштуу Чотонов камалган. Экөө тең УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Текебаев менен Чотонов өздөрүнө козголгон ишти, тагылган айыпты четке кагып, «бийликтин буйругу менен саясий куугунтук» деп айтып келет. Ал эми Башкы прокуратура буга макул эмес.
Булак: «NazarNews.kg»