www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Текебаевдин соту болот

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сот процесс 1- Май райондук сотунда саат 10.30да башталат. Сот ачык болот.

 “Чын айтсам, минтип ойлоп коем ичимден:

Кайран гана соттор! Кандай жүйөөлөрдүн негизинде бул ишти карап, эмне деп сүйлөп, эмнелерди тастыктап, эмне деген чечимге келээрди да билбей олтурушса керек учурда. Анткени билишет, Текебаев күнөөсүз кармалып олтурат.

Анан да бул ишти караган соттор кандай чечим чыгарышпасын карт тарыхта чоң тамгалар менен жазылып калышаарын айтпаса да өзүлөрү жакшы түшүнүп турушса керек...

Дагы мындай.
Канча юрист, адвокат, прокурор, милиция жана башка органдарда иштеген дос тааныштарыбыз бар. Текебаевдин иши боюнча алар кандай пикирде дебейсиңерби?

Кыскасы аягында,
"Против лома нет приема" болуп жаткан турбайбы деген бүтүмгө келесиң...

Ишенбесеңер силер деле сурап көрсөңөр юридикалык билими бар тааныштарыңардан эмне дешээр экен...» деп Шайырбек Абдырахманов Фейсбукка жазып чыкты.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости