www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-апрелде Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл жергесинде +6…+11, Таласта +3…+8, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +11…+16 жана Нарында +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +7…+9 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +13…+15 градуска жетет.

Последние новости