www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Алгач Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду. Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору 100 добуш менен кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн эки ооз пикирин айтты.
--Прокуратурага жибердик. Кол тийбестик эмки жумада каралат. Прокуратурадан корутунду келгенде...
--Атамбаев камалышы мүмкүнбү?
--Толугу менен...
Ал эми жаш саясатчылардын катарын толуктаган Тимур Саралаев, “Экс-президенттен кол тийбестигин алуу, же албоо бул мыйзам чыгаруучу бийликтин прерогативасы. Мен катардагы жаран катары тигил, же бул чечимди жон гана кабыл алам”,-деди.
Булак: NazarNews.kg