www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралат

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку сот укук коргоочу, маркум Азимжан Аскаровдун иши боюнча маркумдун жубайынын кассациялык арызын карайт.

Бишкек шаардык сотунун быйыл 20-августта Аскаровдун тирүү кезинде өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ага чейин 12-июнда Бишкектин административдик соту «иштин алкагындагы талашта өкмөт жооптуу эмес» деген жүйө менен Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Маркумдун жубайы Хадича Аскарова учурда Бишкек шаардык сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимине каршы Жогорку сотко кайрылган.

Аскаровдун укуктарын коргоп келген «Бир дүйнө Кыргызстан» уюму кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деп күнөөлөп келет. Уюм 21-октябрда тараткан билдирүүдө Бишкек шаардык сотунун чечими Азимжан Аскаровдун жубайынын укугун чектей турганын билдирген.

“Кыргызстандын Конституциясы өлкөдө адам укуктары жана эркиндиги жогорку баалуулуктар болуп саналат. Бул бардык мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктап турат”, - деп жазылган билдирүүдө.

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» башка эл аралык өнөктөш уюмдар менен чогуу Азимжан Аскаровдун укугун коргоону уланта бермекчи. Уюм укук коргоочунун өлүмүн иликтөө иши да үч айдан ашуун убактан бери созулуп жатканына кабатыр экенин билдирген.

Эске салсак, 2010-жылдагы июнь окуяларында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости