www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Н.Кадырбеков Министрликке караштуу Туризм департаментинин кызматкерлери менен жолугушуп, өлкөнүн туризм тармагындагы абал, көйгөйлүү маселелер жана алдыга коюлган максаттар алкагында баарлашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Министр, Н.Кадырбеков туризм тармагы өлкөбүз үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, туризмди эффективдүү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин экономикасын ургаалдуу өнүктүрүүгө болорун айтты. Быйылкы жылда түзүлгөн кырдаалдан улам бир топ тоскоолдуктарга дуушар болгон туризм жаатын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү максатында оптималдуу сунуштарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен катар, Н.Кадырбеков туризм объектилеринин абалын, анын ичинде, жол боюндагы инфратүзүмдөрдүн сапатын жакшыртуу, эл аралык стандарттарга теңдөө, жеринде көйгөй жараткан таштандылардан арылуу маселелерин чечүү максатында сунуш-усалдарды карап чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова учурдагы туризм жаатынын абалы, аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган милдеттер боюнча маалымат берди. Туризм чөйрөсү экономикалык багыт болгондуктан, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал терс таасирин тийгизгендигин белгилеп, туризм тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендигине токтолду.

Мындан сырткары, өлкөнүн туризм жаатын өнүктүрүүгө эл аралык өнөктөштөрдүн кошуп жаткан салымы жогору экендигин белгиледи. Туризм чөйрөсүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иш-аракеттери мамлекет тарабынан кабыл алынган тийиштүү программалар жана мерчемдердин алкагында уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости