www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна жаңы талапкер пайда болду. Ал парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынан барган (№38) Төрөкан Жунусбеков.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында ал ар кандай митингдердин катышуучусу катары гана эскерилет. Мисалы, 2007-жылы ал Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн Бириккен фронттун өкүлү, 2017-жылы Таластагы митингдин катышуучусу болгон, андан кийин УКМКга суракка чакырылган. Анда митингчилер Алмазбек Атамбаевдин Таластын тургундары жөнүндө айткан сөздөрүнө нааразы болушкан. 2019-жылы Көркөм сүрөт музейинде “Феминналеге” каршы митинг болгон. Митингге чыккандардын арасында Садыр Жапаровдун тарапташы Төрөкан Жунусбеков дагы бар болчу.

Жунусбеков эски аянтына митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтарынын арасында да болгон.

2020-жылдын март айында Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдогон митинг болуп өттү. Маалымат каражаттарынын айтымында, Жунусбеков ал жакта дагы болгон.

Төрөкан Жунусбеков буга чейин “Ар-Намыс” партиясынын жаштар канатынын төрагасы катары айтылган. Саясий уюм бул маалыматты четке какты.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында ал Талас районундагы “Доскулу Туусу” айыл чарба кооперативинин башчысы катары көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости