www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүндөн тарта төрт стационар ишин токтотот

Коронавирус жана пневмонияга даттанып кайрылган жарандардын саны азайганына байланыштуу борбор калаадагы төрт стационар ишин токтотот. Бул чечимди шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссия кабыл алганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 18-августтан тартып Жайыл Баатыр көчөсүндөгү "Газпром" ишканасына таандык спорткомплексте ачылган стационар, "Чыгыш-5" кичирайонундагы спорт мектебиндеги, №68 мектеп-гимназияда жана №96 орто мектепте ачылган стационарлар ишин токтотот. Медициналык жабдуулар жана керебеттер зыянсыздандырылып, сактоого коюлат.

Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичирайондогу "Бишкекнаабайкана" ишканасынын имаратындагы күнү-түнү иштеген стационар ишин улантат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости