www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Букен Султанбекова Садыр Жапаровго кайрылды

Талас обусунун тургуну Букен Султанбекова президент Садыр Жапаровго кайрылды. Султанбекова өз кайрылуусунда репрессияга кабылган атасы Моңолбаев Султанбекке чыккан өкүм боюнча айтат:

Бул сүрөттөгү адам - Букен Султанбекова. Талас облусунун Көк-Сай айылынан. 1937-жылы атасы Моңолбаев Султанбек репрессияга кабылган, арадан 85-жыл өттү.

Үмүттүн шооласы өчпөйт дегендей, атасы Моңолбаев Султанбектен: 1937-жылы сентябрь айында камакка алынган, 1937-жылы 7-декабрь айында өкүм чыккан, 1937-жылы 11-декабрь айында саат 14:00дө атып жок кылуу Фрунзе шаарында аткарылган. 1956-жылы Моңолбаев Султанбек акталган. Башкасы белгисиз.

Бул боюнча 1935-жылы төрөлгөн кызы Султанбекова Букен эжекебиз кимдерге гана кайрылбады: Болот Шерниязов, Өмүрбек Бабанов, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Рыскелди Момбеков - баардыгынан жооб жок... Эми акыркы деми жана үмүтү менен Садыр Жапаровго, окуучусу Руслан Казакбаев аркылуу кайрылат.

Роза Отунбаева менен 2008-жылы Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында сүйлөшкөндө күнөөлүү К.Бакиевдер эмесе, мындай иштер бүтүшү керек эле дегени, бүгүнкүгө чейин эсибизде. Бирок бийлик колуна келгенде Роза Отунбаева да унутуп коёт экен. Өлгөндөрдүн арбагы менен ойношпосо болот эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости