www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрелде Өзбекстанда орусиялыктардын катышуусунда 103 компания түзүлдү. Бул январга караганда төрт, мартка караганда эки эсеге көп.

Өзбекстандын Статистика комитетинин жаңы отчетуна ылайык, 2022-жылы январь-апрель айларында чет өлкөлүктөрдүн катышуусунда 798 компания каттоодон өткөн.

Биринчи орунда Орусия (210 компания), экинчи орунда Түркия (128 компания) жана үчүнчү орунда Кытай (74 компания) турат.

Отчетко ылайык, Москва Украинада “атайын операция” баштагандан кийин Өзбекстанда түзүлгөн орусиялык компаниялардын саны кескин көбөйгөн. Маселен, январда Өзбекстанда 23, фервалда 28, мартта 56, апрелде 103 орусиялык компания каттоодон өткөн.

Мындан тышкары апрелде Өзбекстанда маалымат жана байланыш тармагында чет элдик капиталдын катышуусунда 45 компания түзүлгөн. Статистика комитетинин маалыматы боюнча январь, февраль жана мартта жалпысынан 40 компания каттоодон өткөн.

Өзбекстанда IT- компаниялардын кескин көбөйүшү – Орусия Украинага кол салгандан кийин Москвага киргизилген санкцияларга байланыштуу. Санкциялардын айынан ондонгон IT-компаниялар менен адистер өз кеңселерин Борбор Азия аймактарына, анын ичинде Ташкентке көчүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости