www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнь айында Европаны каптаган рекорддук ысык аба ырайы жаңы климаттык реалдуулукту дагы бир жолу ырастаганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди. Уюмдун баамында, экстремалдуу ысык мурдагыдай өзгөчө көрүнүш болбой, улам кайталанган кризиске айланып баратат.

Июнь Европа үчүн байкоолор тарыхындагы эң ысык айлардын бири болду. Бир катар өлкөлөрдө абанын температурасы рекорддук көрсөткүчтөргө жетип, ысыктан улам каза болгондордун саны көбөйдү.
ДССУнун маалыматына ылайык, бул азырынча башталышы гана.

«Бул ысык — болгону башталышы гана», — деди ДССУнун Европа боюнча аймактык бюросунун директору доктор Ханс Анри Клюге.

Анын айтымында, Европа дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эседен ашык ылдамдыкта ысып жатат. Мындан улам аномалдуу ысык өзгөчө көрүнүш болбой калды. Тескерисинче, мындай кризистер улам-улам кайталанып, барган сайын тез-тез болуп, күчөп жана узакка созулууда.

Францияда 24-июндан бери ысыктын кесепетинен өлүмдөрдүн саны миңден ашты. Каза болгондордун басымдуу бөлүгүн 65 жаштан жогорку адамдар түзүүдө. Айрым шаарларда тез жардам кызматтарына түшкөн кайрылуулар 50 пайызга чейин көбөйгөн.

Ал эми Испаниянын өлүм көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө системасы июнь айындагы ысыкка байланыштуу өлүмдөрдүн санын 892 учур деп баалады.

Клюге ар бир жай мезгилине жетиштүү даярдык көрүлбөсө, анын баасы адам өмүрү менен төлөнөрүн эскертти.

Ошол эле учурда ДССУ абал толугу менен жаман эмес экенин белгилеп, алдын алуу чаралары чындап эле натыйжа берип жатканын билдирди.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча, 30-июнга карата ысык толкун Батыш, Борбордук жана Түштүк Европанын көпчүлүк бөлүгүнө, ошондой эле Балкан жарым аралына жайылат.

Последние новости