www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Кемин районунун Орловка шаарындагы жайыт аймагында эндуро мотоциклдери менен жүргөн эки жаран тартылган видео тарады. Видеодо алар тоолуу аймактагы жашыл шибердин үстүнөн өтүп баратканы көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, видеону жарыялаган жарандын өздүгү такталды. Аны менен байланыш түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада жаран өзүнүн аракетин толугу менен моюнга алып, өз ыктыяры менен Чүй регионалдык башкармалыкка келген. Ал жерде Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү документтин көчүрмөсү ага тапшырылган.
Мындан тышкары, жаран социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоого, жашыл аймактарды сактоого жана экологиялык талаптарды так сактоого чакырган кайрылуу жасады.
Чүй регионалдык башкармалыгы жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, жайыттарды жана тоолуу аймактардагы жашыл шиберди бузбоого, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.