www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо башталды. Былтыртан берки бешинчи шайлоо. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо жараксыз болуп эсептелген. 2021-жылдын 11-январынла президенттик шайлоодон кийин, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, бир топ кеңештер анын ичинде Бишкек, Ош, Токмок кайра шайлоо өткөзгөн. Кыргыз мамлекети кичинекей болгону менен, партиялар жаатында бир топ мамлекеттерден оозуп кетебиз. Бизде «саны бар, сапаты жок» партиялар көп. Бирок, бардыгын эле “эт менен челдин ортосунда” жүргөн партияларга теңештирип койгонубуз болбойт. Мына, шайлоо келаткан сайын “уйкуда жаткан” партиялар ойгоно баштады. Азыр партиялар кыргыздын саясатында өзгөчө орунду ээлейт. Бөтөнчө кыргыз бийлигине таарынычы бар партиялар, митингди пайдаланууну жакшы көрүшөт. Бүгүнкү күнү, кыргыз партияларынын дарамети кандай?
Эмнегедир акыркы мезгилдерде “Ата Мекендин”, “Ак шумкардын” деми сууп, эл алдында баркы кетип баратат. Азыр саясий аренада кээ бир партиялардын салмагы чоң. Бул кыймыл жаш кыймылдардын катарын толуктайт. Бирок, кээ бир партиялар түзүлгөнүнө аз боло элек жатып ырахаттын мээримине бөлөндү. Албетте, жаңы партиялар канчалык күчтүү болбосун, азыркы бийликтин “кылын кыйшайтууга” дарамети жетпейт. Анткени, бийлик чүчкүрүп койсо “ляппай” деп жатып калышат.
Жаңы чыккан “Ынтымакты” күчтүү партиялардын катарына кошпой койгонубуз болбойт. Ооба, абдан күчтүү партия болуп баратат. Бөтөнчө, шайлоо болуп жаткан күнү “элирип” кетсе, ал партияга эч ким жетпей калат. Бирок, бул партия таянып келаткан “ортоңку жана төмөнкү зонадан” алыстап баратат. “Ынтымакты” “Ынтымак” кылган -бийликке каршы чыгып, “бычактын мизинде” жүрүшүп, айыл өкмөт, район, облустарда элди бириктирип келген “саясий технологдор”. “Ынтымакта” бүгүнкү күнү баягы эле, кайсы бийлик болсо да, “күн тийген жердин күкүгүнө” айланышкан “саясий технологдор” курчап алышкан. Булар эртеңки күнүн да унутушпай, эки жээкте ойногонго көнүп алышкандар. Эгер күч башкага оой турган болсо, “жамынчу жууркандарын” көтөрүп алып, эмки келе турган бийликке “дыр” коюшат.
Парламенттеги бүткүл бийликти Башмыйзам менен кошо “менчиктештирип” алгысы келген “Ата Мекен” социалисттик партиясы, эми “Ата Мекен” капиталисттик партиясы деп атын өзгөртүп албаса болбой калды. Ал партияга мурун социализмди туу туткандар киришчү, эми жалаң капиталисттердин партиясына айланып баратат. Эл болсо Өмүрбек Чиркешовичтин “мордасын” сүйбөйт. Эл анын айткан сөздөрүнө ишене турган, эми эл эмес, айланасында жүргөн эстүү-баштуу кишилер да ишенбей баратат.
“Ишеним” партиясы шайлоону салмак менен баштады. Бирок анын катарында ким бийликке келсе “кошелокко” айланган Арзыбек Буркановдун келиши бир аз артка тартып тургандай.
«Улуттар биримдиги» партиясы азыркы бийликке каршы кʏчтѳрдʏн локомотивине айланды. Кʏн ѳткѳн сайын«Улуттар биримдиги» партиясынын баркы эл алдында ѳсʏп бара жатат. 2010-жылда парламенттик шайлоодо ѳтʏп келген партиялардын эл алдында кадыр-баркы кетип баратат. Анткени алар кымбатчылыкты ооздуктай алышкан жок,экономикалык ѳсʏш болгон жок.Ош шаарынын мэри катары экономикалык тобокелчиликке салып кыргыздын экинчи борборунда ийгиликке жеткен Мелис Мырзакматовдун кадыр-баркы бийлик бут тоскон сайын кʏчѳп,ѳсʏп баратат. Кудай буюрса, бир жарым жылда «Улуттар биримдиги» партиясы шайлоодо алдыӊкы орундарды ээлеп келет.
“Ар-намыс” партиясы да укмуштуудай ийкемдүү партия. Ошондуктан «Улуттар биримдиги» партиясы менен коалиция түзүүгө умтулуп жатышат. Булар өздөрүн “пиар” кылганды жакшы көрүшпөйт. Арийне, кыйчалыш маалдарда, шайлоолордо “атырылып” чыга калышат. Бул партиянын өзгөчөлүгү мына ушунда. Эгер эртеңки күнү парламент тарап, шайлоо өтө турган болсо, “Ар-намыс” талаада калат.
“Ата Журт” партиясы Камчыбек Ташиевдин аркасы менен упай топтоп келген. Ташиевдин бийликке болгон махабаты, “Ата-Журт” партиясынын бийлик тарапта бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясаты таң калычтуу жүрүштөргө ээ кылып жатат. Мурунку бийлик менен күрөшүп келген Ташиев элди коргойбу, же Ташиев өз балдарын коргойбу,бул дагы чоң көйгөйдү жаратууда. Анткени,бирдеме болсо эле балдарын “пиар”кылып чыга калганы менен “Чыңгызхан”болуп камалып келгенден бери көзгө көрүнөрлүк эч иш бүтүргөн эмес. Бийлик тосмодон ары-бери секиргендей баланын оюнчугу эмес да.
Эмки парламенттик шайлоодо “Ата Журт”, “Ынтымак”, «Улуттар биримдигинин» күчү албуут. “Ак шумкар” партиясы “кара кузгунга” айланып, өчтү. Бул партияга тирек болуп келаткан Темир Сариевке окшогондор, ордуларын жаштарга өткөрүп берип, саясий аренадан четтеп илимий чөйрөнү эптеди. Туура кылат, токсонго жеткиче тоголонуп жүрө бербей, алтымыштан өткөндөн кийин жаштарга орун бербесек болбойт.
Кыргызстанда эми партиялар ой-да көп. Учур келатат, менин партиям бар деп дымакты көтөрбөй, бириге турган учур келди. Болбосо, ар бир кыргыз жараны бирден партия түзүп, беш миллион партиялуу болуп алалы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg