www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандыктар саясий партияларды жана талапкерлерди тандоодо чечимине таасир этүүчү фактор катары "билими жана сабаттуулугун" аташкан. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) 11-26- сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунда айтылат.
Сурамжылоого катышкандардын 30% билимине жана сабаты маанилүү деп жооп берсе, 30% партияны жана талапкерди тандоодо адилеттүүлүк, абийирдүүлүк сапаттарына басым жасаган.
29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 56сы партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.
Булак: NazarNews.kg