www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан чек ара кызматы үчүн 40 даана брондолгон унаа сатып алды. Бул машиналардын өзгөчөлүгү эмнеде жана чек аранын коргоодогу мааниси канчалык?
- Брондолгон «Toyota» үлгүсүндөгү Дубайдан келген унаалар биздин чек ара кызматкерлери үчүн керек техника. Чыгыш Араб елкөлөрүндө мындай машиналар террористтерге, радикалдарга багытталган операцияларда пайдаланылып келет. Анткени ал күчтүү жана жеңил. Ошондуктан аны менен жүрүү ыңгайлуу. Негизинен бизге аскердик курал-жарактар керек, ошол эле учурда көптөгөн техникалар бар. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда 1 млрд долларлык курал-жарак келген.
Ошонун ичинде АN12 үлгүсүндөгү эки чоң учак, тик учактар дагы болгон. Ал эми бул түрк машиналары түштүктөгү тоо-ташта, чөлдүү жерлерде пайдалануучу унаалар, атайын чек ара кызматына багытталган. Техникасыз чек араларды коргоо мүмкүн эмес экенин билебиз. Себеби, чыныгы кылмышкерлер, террористтер ушундай машиналар менен жүрүшөт, аларды кууп жетип, тосуп, кармаганга алардыкынан кем калбаган күчтүү, жеңил унаалар керек болгондуктан сатып алынды.
- «Аскерий техникалар жалпыга көрсөтүлбөй жашыруун сакталышы керек болчу, бул душмандарга олжо» деген пикирлерге кошуласызбы?
- Жок, мындай ойлор туура эмес. «Аскерий техникаларды жашырып, көрсөтпөй катып коюш керек болчу» деген аскерге барбаган адамдардын сөзү. Базарда анын санын катып, эч кимге айтпай жашырынып жүргөн адамдар ушундай пикирде болушу мүмкүн. Аскерде кызмат кылган адам мындай обу жок нерселерди айтпайт. Себеби, бул машиналардын бардыгы тең ачык эле көрүнүп турат.
Мисалы, интернетке машиналардын моделин жазсан эле унаанын түрлөрү, саткан мамлекет, сатып алган киши, баасы, алтургай дареги да ачык жазылып турат. Ошондуктан техникаларды элге көрсөтүп эле алып келген туура. Тескерисинче, коопсуздукту, чек ара кызматкерлерин ойлоп, заманбап техника менен камсыз кылгандарга рахмат айтыш керек. Чек ара да ушуга окшогон техникалардын көп болушу мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү.
Мисалы, Россияда аскердик техникалары ачык эле турат, алар өздөрү чыгарышат, эч кимден жашырган жок. Биз өзүбүз эч нерсе чыгарбагандыктан башка жактан сатып алууга мажбурбуз.
- Бул техникаларды тапшыруу учурунда президент Садыр Жапаров Кыргызстан эч кимге кол салбайт, бирок бизге кол салгандарга жооп беребиз деди. Муну коңшу мамлекетке сес көрсөтүү деп кабыл алсак болобу?
- Кыргызстандын куралдуу күчтөрү, дэги эле жалпы коопсуздук маселеси боюнча ушундай кайраттуу сөздү эки эле адам айта алды. Алар «кимде-ким бизге кол салса, биз дагы ошондой жооп беребиз» дегенди биринчи Алмазбек Атамбаев, экинчи Садыр Жапаров айтты. Аскердик салт боюнча кандай гана кол салуу болбосун, «миз кайтаруу» деген тартип бар. Атамбаев учурунда Тажикстан биринчи жолу кол салып, миномет менен атканда, биз тараптан дагы «аткыла» деген түздөн-түз буйрук берилген. Бүгүнкү күндө бизге дагы кайрат керек, душманды алган болбойт.
Булак: Азия News гезити