www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марттан бери Кытай Кыргыз өлкөсүнө 6 миллион доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөткөн. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери, COVID-19 каршы күрөшүү жана анын кеңири жайылышына жол бербөө максатында, кыргыз тарапка Кытай өкмөтү жана башка кытай компаниялары тарабынан гуманитардык жардам тапшырылган. Мамлекет тарабынан, март айынан бери Кытай өкмөтү жалпы суммасы 6 миллион 764 миң 605 АКШ долларын түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

  • Медициналык коргонуу каражаттары (беткаптар, кол каптар, коргоочу көз айнектери, термометрлер, N95 респираторлору);
  • өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар;
  • ПЦР жана экспресс-тесттер;
  • Эпидемиологияга каршы каражаттары.

Алынган гуманитардык жардам Саламаттык сактоо министрлигине, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына, ошондой эле башка мамлекетик мекемелерге жана республиканын региондоруна берилди.

Апрель айынан июль айына чейин кытайлык жеке компаниялардан гуманитардык жардам келип түшкөн, алсак: «ZIJIN» жана анын КРдеги туундуу компаниясы «Алтынкен», ЖЧК «Му Линь Сэнь», «Хуавэй», «Cosco» компаниялары, Пекиндин социалдык өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо ассоциациясы жана башкалар. Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 645 миң 41 АКШ долларын түзгөн медициналык коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттер тапшырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости