www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төкмөнүн камалышы, Бишкек ШИИБнин астындагы акындардын митингде ырдаганы коомчулук үчүн күтүсүз көрүнүш болду. Милиция кызматкерлери кайсы бир деңгээлде катачылык кетиришкени иликтенип, баа берилиши шарт. Эгерде "Бульбулятор бул бул", ой... Болот Назаров чын эле кылмышка шектүү экен, анда милиция аягына чейин турбайт беле?
Тергөөчүсү баш коргоо чарасын өзгөрттү да. Кызык. Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев митингчилерге ынанымдуу сөзүн айта албаганы менен тажрыйбасыз экенин көрсөттү.
Кыйчалыш кырдаалда жол таап кете албаган мококтугу, кашаңдыгы менен кашкайды. Аманчылыкта турсаңар дагы көрөсүңөр, Ногойбаев милицияны далай уят кылат. Өздүк курамдын да ичи чыкпай калыптыр. Иштей албаган мындай сабатсызды эркелетпей кызматынан кетирүү зарыл. Аягы абийир төгүүгө алып барары байкалып калды.
Булак: Азия News гезити