www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин мурдагы жетекчиси, Орусиянын илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы вакцина чыгаруучу завод куруу боюнча кыргыз бийлиги демилге көтөргөн жок деп билдирди.

Ал 26-январда болгон теле-көпүрө маекте Орусиядагы акыркы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу суроолорго жооп берип жатып, "Спутник-Кыргызстан" агенттигинин завод тууралуу суроосуна жооп берди.

"Силер тараптан эч кандай демилге болгон жок. Заводду ачып, Кыргызстан Борбор Азияга вакцина тарата алмак. Биздин президент деле колдогон, Орусия бардык документтерди берүүгө даяр, бирок силердин бийликтен сунуш-пикир болгон жок. Жарым-жартылай каржылап, өздөрү да курууга катышуусу керек да. Орусия эми заводун таңууламак беле?", - деди Онищенко.

2020-жылы орусиялык технология менен Кыргызстанда вакцина чыгарган завод куруу тууралуу айтылган.

Азыркы тапта өлкөдө Европа, Кытай жана Орусиянын вакциналары менен калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости