www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурул Аманова:

Пермдеги университетте болгон окуя бизде болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай пикирин депутат Бурул Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой Пермь шаарындагы университетте ок атуу болуп, бей күнөө адамдар каза болушту. Так ошондой эле окуя буга чейин Казань шаарында да орун алган. Андагы кылмышты уюштургандар 18 жана 19 жаштагы балдар болуп, курал кармап жүрүүгө уруксат кагазы бар болуп чыккан.

Ушул жаатта биздин жогорку окуу жайлар менен орто мектептерде кандай чаралар көрүлүп жатат? Себеби жогорудагыдай кылмыштарга барган балдар компьютердик оюндарга абдан берилип кеткени айтылууда. Ошол себептен биз дагы Билим берүү министрлигин жана Ички иштер министрлигин чакырып маалымат алсак жакшы болот.

Себеби, ушул сыяктуу үрөй учурган окуялар буга чейин Америка сыяктуу алыскы өлкөлөрдө гана болуп жатканын угуп келсек эми минтип бизге жакын мамлекеттерге чейин жеткен экен. Эртең бизде да мындай окуялар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди Бурул Аманова.

Ошондой эле бардык билим берүү мекемелерине тез арада психологдорду жайгаштырып, ушул жаатта иш алып барууну күчөтүү керектигин кошумчалады.

Эске салсак, 20-сентябрда Орусиянын Перм шаарындагы университетте каргашалуу окуя орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости