www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке мүчө болбогондуктан шайлануу укугунан ажыратылган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда теңсиздикти жараткан көрүнүш", - деди КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Башкы конференциясынын Венада өтүп жаткан 65-сессиясында.

Венага кыргыз делегациясын баштап барган Б. Ажикеев КМШнын алкагында ишке ашырылган "Уран казуу өнөр жайынан жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Европа Комиссиясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен экологиялык рекультивациянын эсебинен уран калдыктары жаткан объектилерди калыбына келтирүү боюнча иштерди баштаган.

Ошондой эле КР ӨКМ министри Б.Ажикеев Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин платформасы аркылуу Кыргызстандын уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө кошуу боюнча көпкө созулган маселени чечүү сунушун киргизди. "20дан ашык мамлекет, анын ичинде Кыргызстан Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлүгүнө катталган эмес. Уюмга мүчө болбогондуктан биз шайлануу укугунан ажырап жатабыз. Бул нерсе Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратып жатат", - деди министр.

Б.Ажыкеев аталган көйгөйдү БУУнун башка структураларынын тажрыйбасын колдонуу менен чечүүнү сунуштап, өлкөлөрдүн бир нече жолу кайрылган билдирүүсү жыйынтык бергебегенин белгиледи. “Биз маселени толук жана кеңири талкуулоого жана Катчылыкты мындай узакка созулган кырдаалды чечүү сунуштарын киргизүүгө чакырабыз", - деди ал.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен биргеликте ​​Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы планын иштеп чыккан. Мындан улам жерлерди калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу мамиленин жол картасы түзүлгөн. Башкы конференциянын алкагында акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрү жетишкен ийгиликтерди эске алуу менен жаңыланган Стратегиялык башкы планга кол коюу пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм. Ал 1957-жылы негизделген. Уюмдун ишмердүүлүгү ядролук технология жана аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен ажырагыс байланышта: курал катары да, практикалык курал катары да. 2017-2018-жылдары уюмдун Жетектөөчү кеңешине 35 өлкө кирген, алар: Австралия, Алжир, Аргентина, Армения, Бельгия, Бразилия, Улуу Британия, Венесуэла, Германия, Дания, Индия, Индонезия, Италия, Иордания, Канада, Катар, Кытай, Коста-Рика, Кот-д'Ивуар, Кения, Нидерланды, БАЭ, Перу, Португалия, Корея Республикасы, Россия, Сербия, Сингапур, Словения, АКШ, Судан, Франция, Чили, Түштүк Африка жана Япония.

Уюмдун Штаб квартирасы Венада жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости