www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады.

«Азыр биз өтө оор абалда турабыз. Биздин кыргыз эли ачкачылыкка, башкага чыдайт, бирок адилетсиздикке чыдабайт. Бизге адилеттүүлүк, тынчтык керек.

Алдыда парламенттик шайлоо өтөт. БШКнын айрым мүчөлөрү камалып отурат. Бул эмне деген? Ошол боюнча БШКнын төрайымы келип маалымат берсин. Канча деген шайлоолор жокко чыкты.

Былтыркы парламенттик шайлоо жокко чыккан. БШКда отурган кээ бир мүчөлөрүнүн жана төрайымынын азыр иштегенге моралдык укугу жок. Бул маселени жакшы карашыбыз керек. Шайлоодон кийин кандай болуп кетет эч ким билбейт. Так маалымат алалы», - деди депутат Осмонов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости