www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлер Россиядагы Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун бутун кесип салышты. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өспүрүмдүн сол буту тизесине чейин кесилген. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Тимур Бекмансуровдун бутуна кан уюп калгандыктан бутун кесүүгө туура келген.

Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен юридикалык факультеттин студенти Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имараттарынын биринде ок чыгарган. Натыйжада, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, алты адам каза болуп, 24 адам жаракат алган. Кол салган адам кармоо учурунда жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости