www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 5-июнунда майрамдык намаздан соң Чүй облусунун Орок айылында кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда улуттар аралык жаңжаал чыгат. Бул жаңжаалдан улам 15 үй жапа чеккен. Көпчүлүгү терезелери талкаланып, үймөк чөптөр өрттөлгөн, милиция кызматкерлери 25-30 уюштуруучуларды кармап кеткен.

Эки жаш жигит бирөө кыргыз, бирөө түрк-месхет экөөнүн ортосундагы чыр-чатак ушундай оор кырдаалга алып келген. 6-июнь күнү бул жерге келген ал кездеги Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов бир гана телеканалга маек берерин айткан. Бирок, ал ошол жерде турган журналисттердин биринин өңү суук экен, эч ким менен сүйлөшпөйм деп айнып кеткен. Ошондон соң «сулуу» губернатор социалдык тармактарда катуу талкууга алынып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Атамбаевди жамандап жүрүп бул мансапка жеткен Абдраимов Атамбаевдин туулган күнүнө карата үч жылкы союп, 110 миң кишини митингге чогултмак. Кишилер чогулса керек, бирок 110 миң эмес. Азыр ал сурак берип чыккан. Үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болду.

“Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы анын мүлктөрү канча экени билинди. 15-сентябрда Абдраимов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) да суракта болгон. Ал маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча сурак берип чыкканын журналисттерге айткан.

110 миң кишини митингге чогулта албай калган Туйгунаалы Абдраимовдун мүлкүн УКМК суракта аныктады. БШКнын экс-төрагасы, Чүй облусунун мурдагы башчысы, «сулуу губернатор» Туйгунаалы Абдраимов УКМКга 8 саатка чукул сурак берген соң жыйынтыгы билинди. Бул ирет УКМК Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Коопсуздук кызматы жарыялаган инициалдар жакында эле ИИМ суракка үйүнөн алып кеткен Чүйдүн экс-жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун (Дүйшөналиевич) аты-жөнүнө туура келип жатат. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп шектелип жатканы айтылган эле.

УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди.Тергөө учурунда Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн активдерин көбөйткөн.

Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салганы белгилүү болду.

Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган. УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир +5 турак-жай, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата 5 турак жай, " курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган.

УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган. Иш чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган.

Мунун алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынганы тууралуу сөз болгон..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости