www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурул Карагулова: «Токол керек!

Деп Фейсбуктагы баракчасына акын Бурул Карагулова эжебиз жазыптыр. Токол болом деген кыздар жакшылап уккула. Ал мындай деп жазылган:

«Токол жөнүндө көп сөз жүрүп атыптыр, окуп алып сүйүнүп атабыз. Бизге да срочно токол керек эле. Күйөөм жаш, сулуу, жоош, тартиптүү, иштеген иши бар. Ичпейт, чекпейт. Бардык жагынан камсыздандырылган. Үйү 2 кабат.

Күйөөмө токолдукка 40 жашка чыга элек, уул төрөп бере турган, бою 1.60тан ашпаган, өңдүү-түстүү, кашын тилдирбеген, жасалма төш да, тиш да салдырбаган, кирпигин улабаган, тили кыска, жароокер, иштебей үйдө отурган, оорукчал эмес, тамакты түрлөп жасай турган, балдарымды карап бага турган келин керек.

Мен үйдө көп турбагандыктан бардык түйшүк мойнуна илинет. Гүлдү, бакты суугарат, тоокко жем чачат, конокко күйөөмдү колтуктап барат. Күндө үйдү чаң соргуч менен сордурат. Жууркан, төшөк тигет. Күйөөмдүн носкисин машинкага салбай колго жууйт. Айтор, жыргализм эле болот. Балдарым “пол жуубай калабызбы, анан?»  деп сүйүнүп атышат. Ошондой келин табылса кабарлап койгулачы?

"Селсаяк" деген китебимдин аягында күйөөмө жаш келин алперем деп убада бердим эле. Бирок, мүмкүнчүлүк болбоду. Күйөөмүн ишеничинен калбай бир жакшы токол алперип жаагын басайын. Жардам берип, издешип койгула, жаштар?! Чын айтам, тамаша эмес»
Булак: NazarNews.kg

Последние новости