www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өтүп, отурум өтө турган күн белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 10-сентябрга коюлду. Эки иш тең саат 10:00дө Жайыл райондук сотунда өтөт. Адвокат Рамазанова биринчи эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердловск райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирээрин кошумчалады.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости