www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Чүй облустук милициясынын орун басары Марлис Асанов Талас ОИИБнин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып Govori.TV жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Асанов мындан эки күн мурун дайындалып, бирок расмий түрдө ишине кирише элек.
Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында 19 жашаар Бурулай өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген.
Бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул окуя боюнча өзүнчө соттук териштирүү жүрүп жатат. 23 милиция кызматкерин административдик жоопкерчиликке тартылып, алардын 13ү иштен бошотулган. Алардын арасында Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев дагы болгон.
Булак: NazarNews.kg