www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 17-июль күнү кечки саат 8дер чамасында Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу NazarNews.kgге ишенимдүү булактар билдирди.
Учурда Нурлан Сарчаев ооруканда болсо, жубайына тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.
Бизге жеткен так маалыматтарга таянсак, Нурлан Сарчаев жубайы Бурулсун менен буга чейин эле өз ара чырдашып жүргөн. Чырга негизги себеп, Нурлан Сарчаевдин кол алдында кызмат кылып жүргөн келин менен жакын мамиледе болгон жана Сарчаевдин жубайы кызмат ордуна барып ызы-чуу чыгаргандыгы айтылып жүргөн.
Нурлан Сарчаев жалпысынан 6 балалуу. Учурда бычактап салган аялынан 3 баласы бар. Тилекке каршы учурдагы балдарынан мыйзамдуу түрдө баш тарткан. Такталбаган маалыматтарга таянсак Нурлан Сарчаевдин ушул жылдын 23-июлунда 4-аялына үйлөнүү тою белгиленген.
Эске сала кетсек, Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев, кандуу каргаша менен милициянын имаратында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин кызматтан алынган эле.
Бир канча убакыттан кийин бул окуя тууралуу кеңири маалымат беребиз...
Булак: NazarNews.kg